11-беренеси Жарандык укуктарды соттук коргоо
1. Бузулган же талаштуу жарандык укуктарды коргоону сот, арбитраждык сот же третейдик сот (мындан ары — сот) өз компетенциясына ылайык жүзөгө ашырат. 2. Административдик тартипте кабыл алынган чечим сотко каршы коюлушу мүмкүн.