241-статья Үй жаныбарларын туура эмес пайдалануу учурунда сатып алуу
Үй жаныбарларынын ээси мыйзамдын негизинде белгиленген эрежелерге жана коомдо кабыл алынган жаныбарларга карата адамгерчилик нормаларына карама-каршы келген учурларда, бул жаныбарлар менчик ээсинен аларды сатып алуу жолу менен сотко тиешелүү талап койгон адам тарабынан тартып алынышы мүмкүн.