318-беренеси Жаранды багуу үчүн төлөнүүчү суммаларды көбөйтүү
Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, акчалай милдеттенме боюнча түздөн-түз жаранды кармоо үчүн, анын ичинде өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү сумма же мыйзамга ылайык белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнүн жогорулашына пропорционалдуу түрдө көбөйөт.