735-modda . Эмгектин баасы жана акысы
Үй-бүлөлүк подряд келишиминдеги иштин баасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген же жөнгө салынган баадан жогору боло албайт. Тапшырмачынын макулдугу менен ал келишим түзүлгөндө жумушка толугу менен же аванс берүү аркылуу акы төлөнүп берилиши мүмкүн.