805-статья Экспедитордун милдеттерин үчүнчү жак тарабынан аткаруу
Эгерде транспорттук экспедициянын келишими экспедитордун өз милдеттерин жеке аткарууга тийиш экендигин көрсөтпөсө, экспедитор өз милдеттерин аткарууга башка адамдарды тартууга укуктуу. үчүнчү жактын алдындагы милдеттенмеси экспедиторду келишимдин аткарылышы үчүн кардар алдындагы жоопкерчиликтен бошотот.