821-бап Кредитти берүүдөн же алуудан баш тартуу
1. Кредитор кредиттик келишимде каралган кредитти толугу менен же жарым-жартылай карыз алуучуга берүүдөн баш тартууга укуктуу, эгерде анын карыз алуучуга берилген сумма мөөнөттө кайтарылбайт. 2. Карыз алуучу кредит алуудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу эгерде мыйзамда, башка укуктук актыларда же кредиттик келишимде башкача каралбаса. 3. Карыз алуучу кредиттик келишимде каралган кредитти максаттуу пайдалануу милдетин бузган учурда (814-берене) кредитор ошондой эле келишим боюнча карыз алуучуну мындан ары кредиттөөдөн баш тартууга укуктуу.