841-modda . Салымчынын эсебине үчүнчү жактардын акча каражаттарын киргизүүсү
Эгерде банктык салымдын келишиминде башкача каралбаса, салым боюнча эсепке салым кошуучунун атына үчүнчү жактардан түшкөн акча каражаттары анын эсеби жөнүндө зарыл маалыматтар көрсөтүлүп, эсепке жазылат. Бул учурда салым кошуучу мындай адамдардан акча каражаттарын алууга макулдугун билдирип, аларга салым эсеби жөнүндө керектүү маалыматтарды берген деп болжолдонууда.