1010-бап Агенттик келишимдин токтотулушу
Агенттик келишим төмөнкүлөрдөн улам токтотулат: тараптардын бири түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аныкталбай туруп, аны аткаруудан баш тарткандыгы; агенттин каза болгондугу, ал жөндөмсүз деп табылгандыгы, ишмердүүлүккө жөндөмсүз же билгиси келбеген; агент болуп эсептелген жеке ишкерди жараксыз (банкрот) деп таануу.