1084-беренеси Келишимдик же башка милдеттенмелерди аткарууда жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келишимдик милдеттенмелерди аткарууда, ошондой эле аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, полиция кызматында жана башка тиешелүү милдеттерди аткарууда келтирилген зыян эгерде мыйзамда же келишимде жоопкерчиликтин жогорку өлчөмү каралбаса, ушул бөлүмдө каралган эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.