1220-беренеси Залалдын кесепетинен келип чыккан милдеттенмелерге колдонула турган укуктун чөйрөсү
Залал келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелерге колдонулууга тийиш болгон укуктун негизинде, атап айтканда: 1) адамдын келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик алууга жөндөмү аныкталат; 2) зыян келтирген эмес адамга зыян үчүн жоопкерчилик тартуу; 3) жоопкерчиликтин негиздери; 4) жоопкерчиликти чектөө жана андан бошотуунун негиздери; 5) зыяндын ордун толтуруу жолдору; 6) зыяндын ордун толтуруунун көлөмү жана өлчөмү.