7.7-беренеси Суу менен камсыздоонун, суу агызуунун, гидротехникалык курулуштардын, суу чарбалык жана сууну коргоо максатындагы шаймандардын жана орнотуулардын объектилерине жана системаларына зыян келтирүү
Суу менен камсыздоонун, суу чыгаруунун, гидротехникалык курулуштардын, суу чарбалык жана сууну коргоо максатындагы шаймандар менен куруулардын объектилерине жана системаларына зыян келтирүү — административдик айып салууга алып келет ал эми жарандарга бир миңден бир миң беш жүзгө чейинки өлчөмдө; кызмат адамдарына — эки миңден үч миңге чейинки өлчөмдө; юридикалык жактарга — жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмдө.