1415-бап Селекциялык жетишкендикке патент
1. Селекциялык жетишкендиктин патенти селекциялык жетишкендиктин артыкчылыгын, автордук укугун жана селекциялык жетишкендиктин өзгөчө укугун күбөлөндүрөт. 2. Селекциялык жетишкендиктин интеллектуалдык укуктарын коргоонун көлөмү патенттин негизинде берилген жетишкендик селекциялык жетишкендиктин сүрөттөлүшүндө катталган олуттуу белгилердин жыйындысы менен аныкталат.