17-статья Жарандын укуктук жөндөмдүүлүгү
1. Жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү (жарандык укук жөндөмдүүлүгү) бардык жарандарга бирдей түрдө таанылат. 2. Жарандын укук жөндөмдүүлүгү туулган учурда пайда болот. Ал өлүм менен аяктайт.