173-статья Юридикалык жактын ишинин максаттарына карама-каршы жасалган бүтүмүнүн жараксыздыгы
Юридикалык жак тарабынан анын түзүмдүк документтеринде анык чектелген ишмердүүлүктүн максаттарына карама-каршы жасалган бүтүм сот тарабынан ушул юридикалык жактын доосу боюнча жараксыз деп таанылышы мүмкүн ал жактын, анын уюштуруучусунун (участникасынын) же чектөө белгиленген башка жактын кызыкчылыгында, эгерде бүтүмдүн башка тарабы бул чектөө жөнүндө билген же билиши керек экендиги далилденсе.