181.5-статья Жыйындын чечиминин жокко чыгарылышы
Мыйзамда башкача каралбаса, жыйындын чечими жокко чыгат, эгерде ал: 1) күн тартибине киргизилбеген маселе боюнча кабыл алынса, эгерде отурумда же сырттан добуш берүү тиешелүү жарандык-укуктук жамааттын бардык катышуучулары катышкан; 2) керектүү кворум жок учурда кабыл алынган; 3) чогулуштун компетенциясына кирбеген маселе боюнча кабыл алынган; 4) укук тартибинин же адеп-ахлактын негиздерине каршы келет.