427-бап Келишимдин үлгүлүү шарттары
1. Келишимде анын айрым шарттары тиешелүү түрдөгү келишимдер үчүн иштелип чыккан жана басма сөзгө жарыяланган үлгүлүү шарттар менен аныкталышы мүмкүн. 2. Келишимде үлгүлүү шарттарга шилтеме берилбейт, эгерде алар Статьянын 5-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, мындай үлгүлүү шарттар тараптардын мамилесине салттар катары колдонулат 3. Үлгүлүү шарттар бул шарттарды камтыган үлгүлүү келишим же башка документ түрүндө баяндалышы мүмкүн.