631-статья . Жалга алынган мүлктү пайдалануу
1. Прокат келишими боюнча ижарага берилген мүлктү капиталдык жана учурдагы оңдоо ижарачынын милдети болуп саналат. 2. Прокат келишими боюнча ижарачыга берилген мүлктү субарендага берүү, ижара келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүү, ошол мүлктү акысыз пайдаланууга берүү, ижара укуктарынын күрөөсү жана аларды мүлктүк салым катары чарбалык шериктештиктер менен коомдорго же өндүрүштүк кооперативдерге паялык жарнага жол берилбейт.