741-беренеси Тараптардын ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү
1. Курулуш подряды келишиминин предмети болгон курулуш объектисинин кокустук өлүмү же кокустук бузулушунун тобокелдиги ошол объектти заказчы кабыл алганга чейин подрядчыга жүктөлөт. 2. Эгерде объект заказчы тарабынан берилген материалдын (деталдардын , конструкциялардын) же жабдуулардын сапатсыздыгынын же каталуу көрсөтмөлөрдүн аткарылышынын кесепетинен заказчы аны кабыл алганга чейин каза болгон же жабыркаган Тапшырмачынын, подрядчынын ушул Кодекстин 716-беренесинин 1-пунктунда каралган милдеттер аткарылган шартта бардык каралган эмгектердин наркы сметасы менен төлөнүүнү талап кылууга укуктуу.