818-бап Карыздык милдеттенмеге карызды новациялоо
1. Тараптардын макулдашуусу боюнча сатып алуу-сатуудан, ижарадан же башка негизде пайда болгон карызды карыздык милдеттенме менен алмаштырууга болот. 2. Карызды карыздык милдеттенме менен алмаштыруу жаңылануу жөнүндө маектешүү (414-бап) жана карыз келишимин түзүү үчүн каралган формада жасалат (808-бап).