854-бап Акча каражаттарын эсептен чыгаруунун негиздери
1. Акча каражаттарын эсептен чыгаруу банк тарабынан кардардын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат. 2. Кардардын буйругусуз эсептеги акча каражаттарын эсептен чыгарууга соттун чечими боюнча жол берилет , ошондой эле мыйзамда белгиленген же банк менен кардардын ортосундагы келишимде каралган учурларда.