88-бап Чектелген жоопкерчилиги бар коомдун катышуучулары
1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын саны элүүдөн ашпашы керек. Болбосо ал бир жылдын ичинде акционердик коомго айландырылууга тийиш, ал эми бул бүткөндөн кийин эгерде анын катышуучуларынын саны көрсөтүлгөн чекке чейин кыскартылбаса — сот тартибинде жоюлат. 2. Чектелген жоопкерчилиги бар коом бир адам тарабынан түзүлүшү мүмкүн же экинчи абзац 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготкон.